Бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругуна ылайык, өлкө боюнча бардык медкызматкерлер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу аталаган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саламаттыкты сактоо уюмдарына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Республикалык иммунопрофилактика борбору менен бирге медициналык жана башка кызматкерлер арасында бир айдын ичинде милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Ошондой эле эмдөөдөн өткөндөргө байкоо жүргүзүүнү уюштуруу тапшырылды.