Биз менен байланышыңыз

Исхак Пирматов 31-июлга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 624 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов 31-июлга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Исхак Пирматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Пирматов 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң камакка алынган. Ал «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө.

Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM