Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Ооганстанга 120 тонна гуманитардык жүк жеткирди

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 96 | 0

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ооганстанга гуманитардык жүк жеткирди.

25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилгенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул жардам Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулганы айтылды.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 75-сессиясында да Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.

Жакында эле Кыргызстан экстремисттик уюмдардын тизмесинен учурда Ооганстанда бийликте турган «Талибан» кыймылын чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM