«Кумтөр» кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров кезинде кайсы аткаминер «Кумтөр» тууралуу келишимдерге кол койгонун тизмектеди. Ага ылайык:
- 1992-жыл – премьер-министр болгон Турсунбек Чыңгышев, «Кыргызалтындын» өкүлү Дастан Сарыгулов кол койгон;
- 1993-жылы — Турсунбек Чыңгышев;
- 1994-жылы — концессиялык келишим. Премьер-министр Апас Жумагулов, «Кыргызалтындын» өкүлү Дастан Сарыгулов, «Голд Компани» ишканасынын директору Давлетов кол койгон;
- 1995-жылы — устав. Дастан Сарыгулов кол койгон;
- 2003 (31-декабрь) — «Кыргызалтындын» өкүлү Камчыбек Кудайбергенов (реструктуризация жөнүндөгү келишим);
- 2003 (31-декабрь) — концессиялык келишимди өзгөртүү жана кошумчалоо. Танаев жана Кудайбергенов;
- 2004 — Кудайбергенов жана министр Курманбек Осмонов;
- 2007 — Алмазбек Атамбаев;
- 2009 — президент Курманбек Бакиев жана «Кыргызалтындын» башчысы Алексей Елисеев;
- 2009 (24-апрель) — Чудинов жана «Кыргызалтындын» өкүлү Алмазбек Жакыпов;
- 2009 (6-июнь) — Чудинов жана «Кыргызалтындын» өкүлү Алмазбек Жакыпов;
- 2013 — реструктуризациянын өзгөчө шарттары жөнүндөгү келишим (күчүнө кирген эмес, парламент алып койгон);
- 2017-жылдын 11-сентябрындагы стратегиялык келишим боюнча Кыргызстан экологиялык талаптардан толугу менен баш тарткан. Сапар Исаков;
- 2019-жылы келишимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.