Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык ремонтун жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте «Vitrinen-und Glasbau REIER» герман компаниясынын Улуттук тарых музейдин оңдоп-түзөө иштериндеги милдеттенмелерин жыйынтыктоосу боюнча компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле министрликке реконструкциялоо иштеринин жыйынтык сметасын сунуштоо, Борбордук архив менен биргеликте экспонанттарды жайгаштыруу тапшырылды.
Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир жумалык мөөнөттө курулуш иштерин жыйынтыктап, музей имаратын оңдоо иштериндеги кемчиликтерди жоюу өтүнүчү берилди.
Тарых музейин жаңылоо 2016-жылы март айында башталып, оңдоп-түзөөнүн алгачкы этабы, тышын жаңыртуу иштери Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) каржылоосунда жүргүзүлгөн. Ал эми музейдин ичин оңдоо иштери Германиянын «Vitrinen-und Glasbau REIER» компаниясына берилген. Мындагы каржылоо Кыргызстандын бюджетинен жүргүзүлүп, 1 миллиард 569,4 миллион сом сарпталганы айтылган.
Бирок музей ушул кезге дейре ачылбай келет. Себеби оңдоп-түзөө учурунда ири суммадагы коррупция болгону аныкталып, ал боюнча айрым адамдар жоопко тартылган. Ошол эле учурда мамлекет оңдоо иштерин жасаган герман компаниясына карыз болуп калгандыктан, алар ачууга уруксат бербей келишет.