Биз менен байланышыңыз

Муктаж үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы жана кумшекер төмөн баада сатылат (видео)

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 900 | 0

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы менен кумшекер базар баасынан төмөн баада сатылат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде айтты.

Анын маалыматында, Орусиядан 392 тонна өсүмдүк майы келди. Ошондой эле 3 миң тонна кумшекер келиши керек болсо, анын 338 тоннасы келди.

Өкмөт өсүмдүк майын жана кумшекерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө базар баасынан төмөн баада берүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM