Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы менен кумшекер базар баасынан төмөн баада сатылат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде айтты.
Анын маалыматында, Орусиядан 392 тонна өсүмдүк майы келди. Ошондой эле 3 миң тонна кумшекер келиши керек болсо, анын 338 тоннасы келди.
Өкмөт өсүмдүк майын жана кумшекерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө базар баасынан төмөн баада берүүнү пландоодо.