Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги китеп жарманкесине Алмаз Бейшеналиев катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 675 | 0

23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитте китеп жарманкеси өтүүдө.

Ага Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев да катышты.

Китеп жарманкеге 15 дүкөндүн 3 миңден ашуун китеби коюлган. Анда окурмандар адабият, жомок, дин багытындагы жана шыктандыруучу китептерди таба алышат.

Кыргыз Өкмөтү 2002-жылдагы токтому менен өлкөдө Китеп күнүн бекиткен.

Бул күн дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күнү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM