23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитте китеп жарманкеси өтүүдө.
Ага Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев да катышты.
Китеп жарманкеге 15 дүкөндүн 3 миңден ашуун китеби коюлган. Анда окурмандар адабият, жомок, дин багытындагы жана шыктандыруучу китептерди таба алышат.
Кыргыз Өкмөтү 2002-жылдагы токтому менен өлкөдө Китеп күнүн бекиткен.
Бул күн дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күнү.