Биз менен байланышыңыз

АКШ Ооганстандагы аскерлерин 11-сентябрга карай чыгарып кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1117 | 0

АКШ президенти Жо Байден 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук кол салуунун 20 жылдыгына карата Ооганстандан бардык америкалык аскерди чыгарып кетет. Бул чечим аркылуу Америка жүргүзгөн эң узак согушка быйыл күзүндө чекит коюлмакчы.

2001-жылы террорчулукка каршы АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга басып киришкен жана «Ал-Кайида» террордук уюмун калкалаган талибандардын Кабулдагы режимин ойрон кылган.

Ал эми «Ал-Кайида» уюму 3 миңге жакын адамдын өмүрүн алган 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдарды уюштурган болчу.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Өкмөтү учурда Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтүнө каршы согуш жүргүзүп жаткан Талибан кыймылы менен былтыр сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Талибан кыймылы өлкөнүн ички көйгөйлөрүн Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө макулдук берген. Алар менен болгон келишимге ылайык, Ооганстандагы америкалык контингент 1-майга чейин чыгып кетиши керек эле. Бирок бул мөөнөткө аз эле убакыт калган жана бул маселенин так планы иштелип чыккан эмес. Ошондуктан АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылуу мөөнөтү дагы 5 ай 10 күнгө артка жылдырылды.

Вашингтондун расмий өкүлү америкалык аскерлер 11-сентябрга чейин аймактан чыгып кетерин айтты. 2020-жылдын аяк ченинде Ооганстанда 8,6 миң АКШ аскери болгон.

АКШ менен кошо НАТО да Ооганстагы аскерлерин чыгарып кетери айтылды. Ошондой эле Улуу Британия да Ооганстандагы аскердик контингентин толугу менен алып чыгары белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM