Биз менен байланышыңыз

УКМК: 74 батирге ээлик кылган шаардык соттун судьясына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 3022 | 0

Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) боюнча Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы «Ж.М.Б.га» карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Ж.М.Б.» аттуу судья мыйзамдуу киреше булактары жок туруп, мүлктүн көптөгөн түрлөрүнө ээ болгон. Атап айтканда, 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган.

Муну менен катар, аталган судья «Ж.М.Б.» кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн.

Учурда «Ж.М.Б.» судьясына таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM