Бүгүн, 6-апрелге карата Кыргызстанда 124 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдет Бишкекте 77, Чүй облусунда 43, Нарын облусунда 3, Ош облусунда 1 адамдан табылган.
Ал эми инфекцияны жугузуп алган эки бейтап каза болду. Алар Чүй облусунун, Бишкек шаарынын тургундары.
Акыркы суткада 117 бейтап оорудан айыкты. Алар Бишкектен 60, Чүй облусунан 41, Ысык-Көлдөн 8, Нарындан 3 ,Баткен, Ош облустарынан 2ден, Ош шаарынан 1 бейтап сакайып чыккан.
Министрлик: Коронавирустан айыккандар эмделбейт деген түшүнүк туура эмес