Биз менен байланышыңыз

Депутат: Өкмөт «Коопсуз шаарды» баштап, бирок таштап койду

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 954 | 0

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорун баштап, бирок таштап койду. Долбоордун аты эле болбосо, заты жок, айыптарды чогулта турган гана механизмге айланды. Андыктан иш аягына чыкты деп айтууга болбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууда көптөгөн мүчүлүштүктөр бар. Кээ бир жерлерде жол белгилер, сызыктар коюлган эмес, бирок айыптар жазыла берет.

«Өкмөт кайсы жерде кемчиликтер бар экенин аныктап, жетишпеген белгилерди коюп, керексиздерин алышы керек эле. Бирок мындай аракеттер такыр жүргөн жок. Долбоор өзү менен өзү болуп калды. Үч унаа бата турган жолдордо эки гана унаа жүрүүдө. Мэрия менен өкмөт анализ жүргүзүп турушу керек», — дейт депутат.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери эреже бузуулардан 1.5 млрд сом түшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору керек болчу. Бирок бул биздин рынокко жеке менчик долбоор катары келип калды. Шашылыш кабыл алынып, көп нерсеге анализ жүргүзүлбөй калды. Эгерде долбоор өзүн актаган болсо, башка шаарларга да тартуу кажет», — деди Маматалиев.

Эл өкүлү мындан сырткары, «Коопсуз шаар» бир гана жол эрежесин бузууларды каттабай, калаанын коопуздугун да камсыздаган долбоорго айланышы керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM