Биз менен байланышыңыз

«Эркечтам» өткөрүү бекетинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 1198 | 0

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекети зор мүмкүнчүлүктөргө ээ, аны колдонуу зарыл. Аталган бекеттен Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Ооганстанга жүк ташууга болот жана бардык мамлекеттер кызыкдар. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркияны эсепке алганда, 5 мамлекет «Эркечтам» аркылуу Кытайдын товарын алууга кызыкдар.

«Эркечтамдын» жанындагы Сары-Таш айылына соода борбор куруу керек, ошондо саясат туура багытта кетет.

Дүйнөдө бардык мамлекет Кытайдын товарына көз каранды.

«Биз логистиканы өнүктүрүү боюнча стратегияны жазып бергенбиз, бирок өкмөттө аны окуп түшүнгөн киши жок. Мындан улам көйгөйлөр жаралууда», — дейт Шабданалев.

Copyright © 2017 Maral FM