Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 48 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек шаары — 17
- Чүй облусу — 12
- Ош облусу — 2
- Нарын облусу — 2
- Ысык-Көл облусу — 10
- Жалал-Абад облусу — 2
Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир суткада стационардан – 1, үй карантининен — 2 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4196 учур катталды, алардын ичинен 4121 медкызматкер сакайды.
Акыркы суткада 85 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:
- Бишкек шаары — 31
- Ош шаары — 2
- Чүй облусу — 20
- Ош облусу — 3
- Талас облусу — 3
- Нарын облусу — 3
- Ысык-Көл облусу — 17
- Жалал-Абад облусу — 1
- Баткен облусу — 2
COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза тапты.
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 564кө жетти. Анын 82 391и сакайып чыкса, 1444 бейтап каза тапты.