Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы 85 бейтап сакайды

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 402 | 0

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 48 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек шаары — 17
  • Чүй облусу — 12
  • Ош облусу — 2
  • Нарын облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу — 10
  • Жалал-Абад облусу — 2

Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир суткада стационардан – 1, үй карантининен — 2 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4196 учур катталды, алардын ичинен 4121 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 85 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

  • Бишкек шаары — 31
  • Ош шаары — 2
  • Чүй облусу — 20
  • Ош облусу — 3
  • Талас облусу — 3
  • Нарын облусу — 3
  • Ысык-Көл облусу — 17
  • Жалал-Абад облусу — 1
  • Баткен облусу — 2

COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза тапты.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 564кө жетти. Анын 82 391и сакайып чыкса, 1444 бейтап каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM