Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 704 | 0

Бүгүн, 11-февралда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКы билдирди.

Техникалык тейлөө иштери жүргүзүлгөнүнө байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө жарык кечки саат 17:00гө чейин жок болот.

Целиноград, Саратов, Курманалиев көчөлөрүндө — 10:00дөн — 17:00гө чейин;

7-кичирайондун №16, 22, 28 үйлөрүндө — 09:30дан — 11:30га чейин;

Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, Элебаев көчөсүндөгү №14 үйдө, Кулатов көчөсүндөгү №12 үйдө, Геология көчөсүнүн №3, 5, 7 үйлөрүндө — 11:30дан — 16:30га чейин;

Ахунбаев, Бектенов, Уссурийский, Тобольский көчөлөрүндө — 09:30дан — 17:00гө чейин;

Салиева, Буденный, Алматы көчөлөрүндө — 09:00дөн — 17:00гө чейин;

Келечек көчөсүндө — 09:00дөн — 17:00гө чейин.

Арча-Бешик конушунун Чатыр-Көл, Эр Тайлак, Арча-Бешик, Айылчиев, Репин көчөлөрүндө — 09:30дан — 17:00гө чейин;

Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур, Садыбакасов, Он-Арча, Шербет көчөлөрүндө — 13:00дөн — 17:00гө чейин.

Жал-23 №1А, 2А үйлөрүндө — 09:30дан — 15:00гө чейин.

Арча-Бешик конушунун Ойсул-Ата, Миң-Куш, Бердибаев көчөлөрүндө — 09:30дан — 17:00гө чейин;

Чоң-Арык айылынын Кырман, Ветеринарная, Самойленко көчөлөрүндө — 09:30дан — 16:00гө чейин.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн «Түндүк электр» ишканасы алдын ала кечирим сурап, жергиликтүү тургундарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM