Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.
15-январдан 16-январга чейин жаай турган жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракысмак капчыгайында, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.