Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк рейтинг: Абанын булганышы боюнча Бишкек биринчиге чыкты

Кыска кабар | 3 Янв 2021 | 1721 | 0

Дүйнөнүн ири шаарларынын аба сапатынын рейтингинде Бишкек кайрадан биринчи орунда турат.

Эртең мененки саат 9.30да шаардын статусу «кооптуу» деп белгиленет. Вебсайттын маалыматы боюнча, абанын сапатынын индекси 382 (AQI).

Төмөнкү картада ошондой эле борбордун ар кайсы аймактарында орточо AQI көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыланып турат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да сенсор орнотту.

Маалымат саат сайын жаңыланып турат. Саат 9.00дө дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында абанын сапатынын индекси 160 (AQI).

Белгилей кетсек, абанын сапатынын индекси (AQI) ден соолукка кооптуу денгээлдин жогорулап жаткандыгын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт, ал эми 50дөн төмөн болсо абанын сапаты жакшы дегенди билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM