Биз менен байланышыңыз

Бишкекте референдумга каршы кезектеги акция өттү

Кыска кабар | 3 Янв 2021 | 763 | 0

Бүгүн, 3-январда жарандык активисттер референдумга каршы акциясын өткөрүштү. Иш-чара бул жолу да темир жол бекетинен башталып, борбордук аянтта аяктады.

Нааразылык акциясына чыккандар «Мыйзамдуу өлкө», «Референдумга жол жок» деп ураан чакырып турушту. Жарандык активисттер, кайдыгер эмес жарандардын мыйзамдуулукту талап кылган жүрүшүнүн онунчусу өттү.

Жүрүштүн катышуучуларынын пикиринде, Башмыйзамды өзгөртүү учурда иштеп жаткан Конституциянын талаптарын одоно бузат. Сунушталып жаткан жаңы долбоор өлкөдө бийликти бир кишинин колуна чогултуп, демократиянын өнүгүүсүнө доо кетирет.

17-ноябрда 80 депутат демилгелеген Башмыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар Конституциянын жаңы долбоорун талкуулашкан.

Өлкөдө 10-январда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM