Кыргызстанда 23-декабрга карата COVID-19 инфекциясынан дагы эки бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1337ге жетти.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинин 230 жаңы учуру аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 79 миң 659ду түзүүдө.
23-декабрга карата коронавирустан 261 адам айыгып, оорудан сакайгандардын саны 73 миң 651ге жетти.
Стационарларда 1453 бейтап дарыланууда, анын ичинен:
-18 адам канааттандыраарлык абалда;
-955и орто оордукта;
-402 адам оор абалда;
-78 бейтап өтө оор абалда.
Ал эми үй шартында 2414 бейтап дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 3 кызматкер айыкты.
Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4080ге жетип, анын 3850сү сакайды.