Биз менен байланышыңыз

Арменияга митинг, Азербайжанга майрам тартуулаган келишим

Дүйнө | 10 Ноя 2020 | 1365 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу келишимине кол коюлду. Кечээ, 9-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусиянын башчылары катышкан жыйында мунасага келүү чечими кабыл алынган. Буга каршы болгон армяндар нааразылыкка чыгышты. Ал эми азерлер шаңдуу майрамдап жаткан учуру. 

Сентябрдын соңунда башталган Тоолуу Карабахтагы чыңалган абал бүгүн жай алды. Тагыраагы, Азербайжан, Армения жана Орусиянын президенттери согушту токтотуу келишимине кол коюшту. Мындай чечим Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Орусия президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн негизинде кабыл алынган.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын, салгылашуу жүрүп жаткан аймактагы абалды эске алуу менен ушул кадамга барганын белгиледи.

— Орусиянын президенти жана Азербайжан менен 10-ноябрга караган түнү саат 01:00дө Карабахтагы согушту токтотуу келишимине кол койдум. Келишимдин текстинде мага жана элиме зыяны тие тургандай эч нерсе камтылган эмес. Мындай чечимди аскердик абалга терең анализ жүргүзүү менен кабыл алдым. Бул — жеңиш да эмес, утулуу да эмес.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев да келишим эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына жооп берерин билдирди. Ал келишимдин талаптарына токтолуп, Карабах согушунда жеңишке жетиштик деп жарыялады.

— Урматтуу мекендештер, бир туугандар! Бул күн — өлкөбүз үчүн тарыхый күн. Бул сүйүнчүнү Азербайжан эли менен бөлүшөм. Мындай чечимдин кабыл алынышына Карабахтын стратегиялык шаары болгон Шушаны бошотуу себеп болду. Эми Шушада, андан башка бошотулган аймактарда бейпил жашоо башталат.

Алиевдин айтымында, бул келишимде Тоолуу Карабахтын макамы боюнча суроолор камтылган эмес. Макулдашууга ылайык туткундагы аскерлер алмаштырылмакчы.

Согушту токтотуу келишимине кол коюлганы боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин да өз пикирин билдирди:

— Бүгүнкү келишим көп жылдан берки тирешти, кан төгүүлөрдү эле токтотпостон, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы достук мамиленин да башталышы болот деп ишенем.

«Ок атышууну токтотуу боюнча жүргүзүлгөн макулдашууларда Түркиянын орду барбы? Деги эле Түркия каякта?» — деген суроо жаралат. Себеби буга чейин Карабахтагы жаңжалда Армения менен Азербайжан тирешинде Түркия жигердүү реакция кылып, Азербайжанга колдоо көрсөтүп, бул иште аягына чейин турушарын баса белгилеп келген.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Карабахтагы эки тараптуу жарашуу маселесине Түркиянын катышуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Азербайжан президенти Ильхам Алиев тынчтык күчтөрүнүн катарында түркиялык аскерлер да боло турганын маалымдаган.

Ал эми Орусия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Карабахтагы абалды жөнгө салууда түрк аскерлеринин катышуусу тууралуу сөз болбогонун билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакка Орусиянын куралдуу күчтөрү киргизилери белгилүү болду. Бүгүн таңкы алтыда Орусиянын 2 миңдей аскери, 90 ок өтпөс унаасы жана 380 атайын техникасы Тоолуу Карабахка жөнөтүлдү.

Келишимде «Армения тарап 20-ноябрга чейин Агдам районунун жана армян тарап көзөмөлдөп келген Газах районун Азербайжанга кайтарып берет», — деп айтылат.

Учурда мындай чечимге макул болбогон Армения жарандары согушту улантууну талап кылышып, парламент имаратын басып алышкан.

Миңдеген адамдар Еревандын борбордук бөлүгүнө чогулуп, өкмөт башчы Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахта ок атышпоо келишимине кол койгонуна нааразылык билдиришти. Алар: «Биз жерди бербейбиз!» — деген позицияда.

Бул тапта Азербайжанда шаңдуу майрам өтүп жатат. Алар Тоолуу Карабахтагы стратегиялык Шуша шаары Азербайжандын карамагына өткөнүн белгилешүүдө.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабахта абал 27-сентябрда курчуп, андан бери кеминде миң киши каза болду.

Тоолуу Карабах 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

Расмий Ереван Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келген жикчилдерди колдойт.

Copyright © 2017 Maral FM