Connect with us

Пандемия: 30,6 миңден ашык кыргызстандык Орусиядан мекенине кайтты

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 657 | 0

10-17-август күндөрү чартердик аба каттамдар менен Орусиядан 3 миң 915 жаран кайтарылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

«Жалпысынан аба каттамдар убактылуу токтотулгандан баштап, 20-марттан тартып 17-августка чейин, Россиянын 21 аймагынан 30 миң 656 мекендеш кайтты. Россиядан 121 аба каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 95 автобус уюштурулган», — деп билдирет элчилик.

Эскерте кетүүчү нерсе, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары Орусияда улантылууда. Ушуга байланыштуу, азыркы учурда олуттуу себептери жок Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына киргенге мүмкүнчүлүктөрү жок.

Элчилик Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамдар жандана электигин жана орус-казак чек арасы да жабыктыгын эске салат.

Copyright © 2017 Maral FM