Биз менен байланышыңыз

Путин парадга катышкан кыргыз жоокерлерине ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 1003 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага барганына ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калганын өкүнүү менен белгиледи. Ошондой эле Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргызстандын аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди.

Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтты. Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.

Эки мамлекеттин жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашты.

Эске салсак, президент Жээнбеков Орусияга Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барып, бирок анын жанындагы делегация өкүлдөрүнөн коронавирус табылгандыктан, иш-чарага катышкан жок.

Copyright © 2017 Maral FM