Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 818 | 0

Тажикстан парламентинин жогорку палатасы (Мажлиси Оли) өлкөдө президенттик шайлоону 11-октябрда өткөрүү чечимин кабыл алды.

Тажикстанда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү токтомду парламенттин эки палатасы тең жактырды.

Мыйзамга ылайык, саясий партиялар, облустук, шаардык жана райондук кошуундардын бирикмелери президенттикке талапкерлерди көрсөтө алышат. Өлкөдө акыркы жолу президенттик шайлоо 2013-жылы 6-ноябрда өткөн.

Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Өлкө аймагында 10 жылдан кем эмес жашаган, тажик тилин билген, жогорку билимдүү жана 30 жаштан жогорку кишилер талапкер боло алат.

Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жаткан азыркы президент Эмомали Рахмон – негизги талапкерлердин бири. Дээрлик 28 жылдан бери шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар бир нече жолу өзгөрүп, Рахмондун бийликте чектөөсүз калышына жол ачылып келген.

Апрель айында анын 32 жаштагы уулу Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасынын спикери болуп дайындалган. Өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча президент күтүүсүз бийликтен кеткен учурда жогорку палатанын төрагасы президенттин милдетин аткарып турат.

Эл аралык уюмдардын пикиринде, Тажикстанда шайлоолор бир да жолу ачык-айкын, эл аралык стандарттарга шайкеш өткөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM