Биз менен байланышыңыз

Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 341 | 0

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Муфтият Курман айт майрамын үй-бүлөлөр менен үйлөрдө майрамдап, бири-бириникине айттап барбоого чакырат.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбай турганын маалымдайбыз. Ошондуктан шартты туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM