Биз менен байланышыңыз

Ак-Талаа районуна тез жардам унаасы берилди

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 339 | 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан бир тез жардам автоунаасы берилди.

Ак-Талаада дарыгерлер жана тез жардам унаасы жетишпей келген. Облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун тапшырмасы менен буга чейин аймактык ооруканага үч дарыгер жиберилген.

Андан сырткары райондогу эпидемиологиялык абалды координациялоо үчүн облустук оорукананын дарыгери Талант Калдыбаев жиберилип, иш алып барууда.

Ошондой эле Орусиядан келген дарыгерлер райондогу эпидемиологиялык абалды көрүп методикалык жардам берип кетишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM