Акыркы суткада 23 бейтап пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны – 1724
Реанимацияда – 112, оор абалдагылар 337 адам.
Пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 120 адам.
Бардыгы – 2508, алардын ичинен айыккандар – 664 адам.