Биз менен байланышыңыз

Ормонов: Кызыл-Тоо өткөрмө пунктун ачуу керек

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 366 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламенттин 14-майдагы жыйынында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминен улам президенттин чечими менен жумушун токтоткон ишканалардын банктардан алган насыяларына болгон үстөк пайыздарды тийиштүү айлар үчүн токтотуу маселесин көтөрдү.

-Насыя төлөнүшү керек, бирок тийиштүү айлар үчүн пайыз төлөнбөшү керек деген чечимди карап беришибиз керек. Бюджеттин тартыштыгын баарыбыз түшүнүп турабыз. Жаңы окуу жылына карата авариялык абалдагы мектептерди бүтүрүп, ачып беришибиз зарыл, — деди Ормонов.

Эл өкүлү учурда бюджетке кошумча каражат, жумушча орундар керектигин белгилеп, Кызыл-Тоо өткөрмө пунктун ачууну сунуштады.

-Даяр постту ачып койсо, 350 адам жумуш менен камсыз болмок, бул маселени чечпей келебиз. Өкмөт тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, ЕАЭБ менен макулдашылган, — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM