Биз менен байланышыңыз

Президент: Убактылуу жумушсуз калган жарандарга көңүл бурулушу керек

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 1826 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган Өкмөттүн кризиске каршы чаралар планынын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдар тарабынан биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкөдөгү ишкерликтин активдүүлүгүн колдоого жана социалдык аялуу жана убактылуу жумушсуз калган жарандарга көңүл бурулушу керектигин билдирди.

Ушу жылдын аягына чейин кризиске каршы чараларды жана анын кесепеттерин аныктоо менен өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн ар кандай сценарийлерин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамллекеттик бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо убактылуу токтотулгандыгын маалымдады.

2020-жылдын январь–март айларында экономикалыш өсүш 1,5%ды түзүп, былтыркы жылдын ушул көрсөткүчтөрүнөн 3,9%дык пунктка төмөн болду. Экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлгөнү байкалууда.

Мындан сырткары, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу тобокелчилигин азайтуу боюнча ар кандай варианттарды иштеп чыгуу, бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Ошондой эле вице-премьер-министр өлкөдөгү чакан жана орто бизнести колдоо боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Жолугушууда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында көйгөйлөргө ыкчам чечимдерди иштеп чыгуу үчүн ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү сунушталды. Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаалда Өкмөт ишкерлерди колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алышы зарылдыгын кошумчалады.

Муну менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков тартылган каржылык жана гуманитардык жардамдарды координациялоо иштерин, анын ичинде жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү маанилүү экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM