Connect with us

11-апрель: Коронавирус дагы 41 адамда аныкталды

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 2736 | 0

Бүгүн, 11-апрель саат 10.00гө карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 41. Бардыгы 339 учур. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаӊы катталган 41 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 12;
Чүй облусунда – 3;
Ош облусунда – 18;
Ош шаарында — 6;
Нарын облусунда – 2.

Жаӊы 41 учурдун ичинен 22 аял, 19 эркек.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учурдун аймактарга бөлүнүшү:
Жалал-Абад облусунда – 89;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 15;
Баткен облусунда – 4;
Ош шаарында – 36;
Бишкек шаарында – 42;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 176сы –аял, 163ү – эркек.

Copyright © 2017 Maral FM