Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда бардык кызматкерлери коронавирус жуктурган оорукана жабылды

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 4476 | 1

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукананын бардык кызматкерлери коронавирусту жуктурганы аныкталды. Буга байланыштуу аталган оорукана бүгүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруканага дезинфекция кылынат.

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын бардык кызматкерлери коронавируска чалдыкканына байланыштуу оорукананы жаап, атайын дезинфекция жүргүзөбүз да, Ош облус аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, аларга кайрадан койка даярдайбыз, — деди Абдикаримов.

Ошондой эле ал Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукана атайын дезинфекциядан өткөндөн кийин кайра иштетиле турганын кошумчалады.

Учурда аталган оорукананын кызматкерлери үй карантинине алынган, алар менен эң жакын контакт болгондор обсервацияда.

8-апрелге карата Кыргызстанда бул илдетти жуккандардын саны 270, алардын 25и айыгып, төртөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM