Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунда «Жоогазын революциясы» байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экенин дүйнөгө билгизгени белгиленет.
— 24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат. Кайсыл жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.
Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.