Connect with us

Өкмөт тынчтык акциясында жарандардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 1394 | 0

Өкмөт башчы тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Апараттын маалымат кызматы билдирди.

«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийишпиз», — деди Абылгазиев.

Ошондой эле, ал акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл экендигин айтты.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM