Сириядан чыккан 4 млн качкынды батырган Түркия 27-февралда Европа өлкөлөрүнө болгон чек араны ачкан. Учурда бир нече миң качкын Грециянын чек арасында өлкөгө кирүүгө аракет кылып турган чагы. Алардын качкындарды кабыл алуу ниети жок.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу, чек ара ачылгандан бери 140 миңден ашык мигрант Түркиядан Грецияга карай кеткенин билдирди. Алардын катарында Сирия, Ирак жана Ооганстан жарандары бар. Ал эми Греция бийлиги качкындарды киргизбөө үчүн колдон келген аракетин жумшоодо. Качкындар Греция аркылуу Европа өлкөлөрүнө өтүүнү көздөйт.
Европа мамлекеттери миграциялык агым гуманитардык кризиске алып келишинен чочулайт. Жаңы миграциялык кризис Европадагы 2015-2016-жылдары байкалган популисттик ксенофобияны кайталап, башкача айтканда, чет жактыктарга, бейтааныштарга карата коркуу жана кастык сезимин жаратып, улутчулдукка, бири-бирин жок кылууга алып келиши мүмкүн.
Качкындар кургактан да, суу менен өтчү аймактардан да мүмкүнчүлүк таап чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылууда.