«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 1-мартта жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;
Баткен, Ошжана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу райондордо -16…-21, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.