Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -4…..-9… күндүз: 1……..6°C
Талас облусунда:
түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: 1………6°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: -1……-6….күндүз: 4……..9°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: -1……-6….күндүз: 5……..10°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -6…..-11..….күндүз: -2……..3°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -15……-20…..күндүз: -1.……-6°C
17-февралда Бишкекте күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…….-9°C, күндүзү 4………6°C.