Connect with us

Шоу бизнестен саясатчыларга чейин жеткен Инстаграмдагы ГИВ

Коом , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 2101 | 0

Инстаграм социалдык тармагында ойнотулуп жаткан ГИВ кыргыз шоу-бизнесинин күнүмдүк «тиричилигине» айланды. Азыркы тапта бул гив оюндарга айрым саясатчылар да активдүү катыша баштады. Баарынын максаты Инстаграмда көп катталуучу топтоо, брендди же өз атын таанытуу. Ал эми мындай гив оюндар кандай шартта уюштурулат жана ага канча каражат кетет? 

«Акыркы үлгүдөгү авто унаа, жаңы маркадагы телефон жана ар кандай баалуу белектердин ээси сен бол! Болгону демөөрчүлөргө каттал!» Мындай сөздөр кийинки учурда Инстаграмда байма-бай айтылып, элдин кулагын көндүрдү окшойт. Шоу чөйрөдө атактуулар арты-артынан ГИВ уюштуруп, демөөрчүлөрдү издеп, кымбат баалуу унааларды ойнотконго чейин жетти. Учурда КР эмгек сиңирген  артисти Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен ГИВ уюштуруп, аны Кыргызстандагы эң масштабдуу иш-чара деп атады. Анткени башкы белек катары Бишкектен батир коюлган. Мындан сырткары, унаа жана башка баалуу белектерди да камтып, өзгөчөлүгү бир жыл бою ойнотулат. Ырчы Мирбек Атабеков бул гив оюндарынын эч кимге зыяны тийбей турганын айтты. “Мурун эл лоторея сатып алып ойноп, утпай калса акчасы кетчү, Интстаграмда болсо гив ойноо оңой жана эч кимден эч кандай акча кетпейт. Болгону демөөрчүлөргө катталуу гана керек»,- дейт Атабеков.

-Мен өзүмдүн Инстаграмдагы катталуучуларыма жакшы маанай тартуулап жатам. ГИВти буга чейин канчалаган дүйнө жылдыздары кылган. Маселен, Орусиянын белгилүү ырчысы Тимати да катталуучуларын көбөйткөндө ушул ыкманы колдонгон. Биздин ГИВде абдан чоң белектер коюлду. Алсак, заманбап салынган үй, жаңы унаа жана башка баалуу белектер. Ошондой эле Умрага билет да ойнотуп жатабыз. Бул жөн гана элге болгон жакшылык. Мурун лотерея ойнотулчу. Канчалаган адамдар билет сатып алып, утпай калып капа болуп, акчасы да кетчү. А бул Инстаграм аркылуу ойнотулуп жаткан ГИВ абдан оңой. Болгону демөөрчүлөргө катталып коет. Утса, белек берилет. Утпай калса, ал адам да капа болбойт, анткени анын акчасы кеткен жок да».

Жылдыздар ойнотуп жаткан ГИВдин талаптары кандай?

ГИВди атайын адистешкен адамдар же ырчылардын менеджерлери уюштурат жана ага демөөрчүлөрдү издейт. Оюндун шарттары болсо, коюлган белектин баасына карата өзгөрөт. Көпчүлүгүндө демөөрчүлөрүн бардыгына катталасыз, кээ биринде анкета толтуруу шартын да коюшат. Ал эми демөөрчү болуп жаткан адамдар, көрсөтүлгөн каражатты төлөп анан «атайын тизмеге» киришет. Максаты — инстаграм баракчасына катталуучуну көбөйтүү. Учурда ири ГИВдердин бирине катышып жаткан алып баруучу, шоумен Эркин Нурбаев “Мен өзүмдүн атым үчүн ГИВде демөөрчүмүн, канча көп катталуучум бар болсо, элдин оозуна ошончо көп алынам», — дейт.

-Менин ГИВге катышканга чейин 56 миңдей катталуучум бар эле. Эки-үч күндүн ичинде анын үстүнө дагы жүз миңдейи кошулду. Катталуучум көбөйгөн сайын сүрөт киргизип, ойлор менен бөлүшкөнгө туура келет экен. Буга чейин андай  аракет да кылчу эмес элем. Менин максатым болгону атымды дагы да болсо таанытуу. Ал эми ГИВдердеги демөөрчүлөрдүн көбү өз бизнесин алдыга жылдырып, атын чыгарып товарларын өткөрүүнү көздөшөт. Бул менин оюмча, нормалдуу көрүнүш. Анткени бүгүнкү күндө бизнес ачып аны интернеттен таппаса, анда бизнес жүрбөйт дегенди билдирет.

Шоу бизнестин өкүлдөрү ойнотуп жаткан ГИВде акыркы учурларда бир гана маданият өкүлдөрүн эле эмес, саясатчылар да активдүү боло баштады. Мисалы, ырчы Атабеков ойнотуп жаткан ГИВдеги демөөрчүлөрдүн арасында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Бактыбек Райымкулов да бар. Эл өкүлү Бактыбек Райымкуловдун пикиринде, маалыматты тез жеткирүүдө социалдык баракчалардын ролу чоң. Бирок ал ГИВге демөөрчү болуш үчүн акча төлөбөгөнүн, анын жакындары ага карата колдоо катары эле демөөрчүлүккө кошконун айтты:

-Мирбек Атабеков — менин иним. Биз жакшы тааныштарданбыз. Балдар чалып, сизди демөөрчүлөрдүн катарына кошуп коелу деп кошушкан. Мен ГИВге эч кандай акча бергеним жок. Бере тургандай мен бизнесмен эмесмин. Инстаграммда катталуучунун саны көп болгону жакшы. Анткени мамлекетке байланыштуу ар тараптуу маселелер болсо же кандайдыр бир эл арасында маселе жаралса, ошол жактан маалымат алып, жардамга кол сунабыз. Азыр интернет, техниканын заманы да. Замандын агымы менен болуп жатабыз.

ГИВге демөөрчү болуш үчүн канча каражат берип кирет?

Инстаграмдагы ГИВге демөөрчүлүктүн баасы эң аз беш миң сомдон башталып, 2,5 миң долларга чейин жетет. Бул албетте, коюлган белектердин баасына жараша болот. Ошондой эле «бартердик» негизде да төлөсө болот. Ал эми чогулган каражаттан уюштуруучулар жана өз атын ГИВде колдонгон белгилүү адам да өз «үлүшүн» алат. Калган суммага ар түрдүү белектер алынып, элге ойнотулат.

Интернет айдыңында кайнап жаткан оюндарга эл ишенеби? Бишкектин тургундарынан сурап көрдүк:

-Мен эч качан ойноп көргөн эмесмин. Кызыкпайм деле.

-Мен фен уткам. Азыр ишенем. Көрсө болот экен да деген ой кеткен.

-Мен ырчылардын ГИВине калтырбай катышып келем. Бирде болбосо, бирде болот  да. Оорчулугу деле жок. Болгону катталып коесуң демөөрчүлөргө. Ансыз деле инстаграммда отурам да.

-Мен ишенбейм. Кантип эле унаа белекке берилип калсын? Туугандарына, досторуна эле берип койсо керек. Алар алдатпайт да.

-Оңой келген оокат татыбайт.

Инстаграм аркылуу ойнотулуп жаткан ГИВ оюнун Орусиянын жана Казакстандын атактуулары көп уюштуруп келет. Алсак, орусиялык ырчылар Тимати жана Ольга Бузова булардын сап башында турат. Ал эми Кыргызстанда акыркы бир жылдан бери бул ыкма өтө кеңири жайылды.

Copyright © 2017 Maral FM