Биз менен байланышыңыз

Сманбеков: Болот Шамшиев Кожомкулдун ролун мага берем деген эле…

Ар бир адам бир келген жашоодо чоң бир иш жасабаса да, пайдалуу кылууга  аракеттенип жашайт экенбиз.  Бүгүнкү коногум көп кырдуу талант, Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков өмүрүн театрга арнаган адамдардын бири. Чыгармачылык жолунда бир нече спектакль жана тасмаларда түрдүү ролдорду жараткан.  Темирлан агай “Марал” радиосунун “Мен жана мезгил” программасына келип, кызыктуу маек куруп кетти. 

— Саламатсызбы Темирлан агай. Ден соолугуңуз жакшыбы?

— Саламатчылык, рахмат жакшы.

— Чыгармачылыктын чыйыр издери качан башталган?

— Жаш кезимде чоң ата, чоң апам менен жайлоого чыгып, жаратылыштын кооздугуна суктанып, тоо-таштын үстүнө чыгып алып, заңкылдап ырдайт элем. Мен өзүм жаратылышка кичинекейимден абдан кызыкчумун. Тоолорго, арча, карагай, кыргыздын  гүлзарлуу төрлөрүнө суктанчумун. Ошол кезде эле мендеги чыгармачылыкка болгон сезимдер  ойгонгон экен. Атам, апам дагы анча-мынча кээде ырдап коюшчу. Атам, менин  чыгармачылыгымды  жактырчу эмес. Ал киши мени агроном же мал доктур бол деп айтчу.  Кийин мектепти бүткөнүмдө да ошол кесипке тапшыртат. Мен өзүм ал окууга эмнегедир окугум келбей кетип калганмын. Андан соң, Ош пединститутунун музыкалык педагогика факультетине тапшырдым. Андан соң, Москвадагы Луначарский атындагы  театралдык институтка тапшырып, өтүп кеттим. Мына ошентип, чыгармачылык жолум башталган(күлүп).

— Темирлан мырза, жашоо сизге эмнеси менен кызык ?

— Адам болуп  жаралгандан  кийин, жашаш керек, аракет кылып эмгектенүү керек. Жошоо менен күрөшө билүү кажет. Жеңилген учурда ыза болосуң, бирок жашоонун кызыгы кыйынчылыктарды жеңе билүүдө. Жаралдыңбы, демек, жөн эле жашап өтпөй, бир маңыздуу нерсе жасап өтүү ийгилигиң болуп саналат. Анан дагы бир кызыгы — өзүңдүн сүйгөн кесибиңди аркалоо чоң жетишкендик.

— Буга чейин Бишкекте Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрын, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектегенсиз. Нарын театрына кандай салым кошо алдыңыз? Эмнелер өзгөрүлдү?

— «Эшигин көрүп, төрүнө өт» деген макал бар. Мурдагы театр менен азыркынын абалы асман менен  жердей. Биринчи барганда тетардын ичин жасаттым, театрда иштегендиктен, эмне керек болорун билчүмүн. Бардык нерсе театрдын алдынан башталат. Сейил багы бар экен, ал каралбай, дарактар куурап калган. Барган жылы эрте жазда бак олтуругузуп, ага өзүм 1 ай бою суу куюп өстүрдүм. Келген адам бул жайды көрүп, өзүн түздөш керек.

— Кан басымыңыз жогору экен, тоолуу аймакта иштөө абдан кыйын болсо керек?

— Биринчи орунга ден соолукту  эмес, жумушту койдум, борбордо олтура бербей биз барып, иштебесек  анан  ким  барат? Абдан кыйын эле болду, 4 жолу тез жардам кызматы келди. Кан басым түшпөй түнү менен борборго алып келген күндөр болду. Эми буюрса, театр өз нугуна  келип калды. Бирок, дагы бир аз  бүтүрө турчу иштер  бар. Чала таштап кетип  калган болбойт да. Кийин кандай адам келет? Буга  чейин кандай адам келди  эле? деген сөзгө калгым келбейт.

— Театрдан адамдар кандай таасир алса болот?

— Театрда кандай чыгарма коюлат? Кантип элге  жеткирилет? — кеп ошондо жатат.  Мен барганда бир-эки комедияны көрүп, ушунчалык ирээнжидим. Базардагы элдер келет, көрөт, каткырат. Сахнада этика жок, тырманат, эл күлсө ошолорду ээрчип кетет. Деңгээли ошондой болуп калган. А театр андай болбош керек. Классикалык, мыкты чыгармаларды койсо, элдин дагы табити көтөрүлөт. Жеңил-желпи комедияларды токтотуу керек.

— Бир катар театрларда жетекчилик жагын колго алып келе жатасыз. Жетекчи кандай болуш керек?

— Жетекчилер башкарганды жакшы көрүшөт. Креслого отуруп  алып, коркутуп, чиренүү менен искусство адамдарын  башкарып болбойт.Аларга укмуштуудай  шарт түзүп бериш керек. Ошондо гана кызматкерлер  баш ийип беришет. Андан сырткары, «деректир» деген дипломат болуп, ар бирине  аяр мамиле жасоо керек. Жетекчилер көпчүлүк  учурда  «сени  жаман көрөм, сени жакшы көрөм» деп бөлүп, кечиримдүү боло алышпай, урушуп-талашып кетишет. Мындай көрүнүш менен алыска баралбайт. Жумуш кызматың үчүн сабырдуу болуп, ынтымак түзүү керек. Мен ар бирине аяр мамиле жасайм. Ошондуктан кызматкерлердин ынтымактары бекем.

— Аялзаты сиз үчүн кандай?

— Биз сыйлай турган, урматтап, бийик көтөрө турган асыл жандар деп эсептеймин. Жараткандан  берилген кереме  жандар бул аялзаты экен. Буларсыз жашоо жок! Аялзаты бар үчүн жашоо уланат. Ар бирине айтар элем, ыйлабагыла, кордук көрбөгүлө! Кыргыздын жигиттери, колубуздан келсе ар бир аялзатын алаканыбызга салып өтүшүбүз керек. Айымдарга мен өзгөчө мамиле кылам, алардан айланса болот.

— Кандай ролду жаратпай калдым деген өкүнүч бар?

— Биз тартыла турган кезде кыйын учурга туш келип, көп кинолор тартылбай калды. Көп образ, ролдор аткарылбай калды. Менин дагы бир арманым — режиссер Болот Шамшиев агабыз каза болуп калды.  Ошол агайыбыз «Дарак ыры» тарыхый тасмасын көрүп эле, мени  чакырып калды. Барсам, Кожомкул жөнүндө сценарий жазып койдум. Башкы ролго сени алам Темирлан деп айтты эле. Ал ой максат ишке ашпай калды.

—  Темирлан агай, чоң рахмат. Ишиңиз илгерилеп, ийгиликтер коштосун. Бар болуңуз!

— Рахмат сиздерге. Өркүндөй бергиле!

 

Copyright © 2017 Maral FM