Биз менен байланышыңыз

Чек арадан мыйзамсыз курулуш материалдарын ташып кирүү фактысы аныкталды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 605 | 1

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктунда Кыргызстандын аймагына жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

“Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пунктунан жыгач материалдар менен 13 унаа кармалган. Кароонун жүрүшүндө ар бир унаадан 20 кубметр жыгач материалдар табылган.  Айдоочуларда ташып келинген жүккө эсеп-фактура жок болгон.

Ушул эле пунктта 350 миң сом суммасында сэндвич панелин, 135 миң сом суммасында желдетүүчү аба киргизүүчү материалдарды алып кирүүгө бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

“Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан гипсокартон жана асбест түтүктөрүн ташыган 2 унаа кармалган. Кароо учурунда унаанын биринде эсеп-фактурадагы маалыматтар менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр дал келген эмес: документте 510 даана гипсокартон көрсөтүлсө, иш жүзүндө 1360 даана болгон. 400 даана түтүк алып келе жаткан экинчи унаанын айдоочусунда электрондук эсеп-фактурасы болгон эмес. 

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    10.12.2019 19:17

    Жанылык, таможняга жаны кадрлар барганга. Канча жылдан бери билинбей отуп келе жаткан товарлар, биринчи жолу кармалып тан калаарлык болуп жатса керек. Бардык постордон кадрларды айсайын алмаштырыш керек, Жаны таза кадрларды кою керек. Баягы качып жургон эки офицерди эки таможняга жетекчи кылып коюш керек ошолор таза иштейт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM