2019-жылдын 1-декабрында «Кумтөр» кениндеги үйүлгөн бош кыртышта жүрүп кеткен жер көчкүдөн улам дайынсыз жоголгон кызматкерлердин аты-жөнү:
1. Ишенбеков Өмүрбек Күрүчбекович, тоо-кен иштеринин мастери, 1984-жылы 17-июнда туулган (35 жашта), КГКда 2010-жылдан бери эмгектенет, Бишкек шаарынын тургуну;
2. Жунушов Жолдошбек Тынчылыкович, бульдозер машинисти, 1972-жылы 14-июлда туулган (47 жашта), КГКда 2010-жылдан бери эмгектенет, Тоң районунун тургуну (Темир-Канат айылы).
Учурда дайыны табылбай жаткан кызматкерлердин үй-бүлөлөрү «Кумтөр» кенине келишкен. Аларга издөө жана куткаруу иштери боюнча толук маалымат берилип, ар тараптуу психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө.