Кыргызстанда СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук кампания уланууда. Анын алкагында ВИЧ-инфекциясынын алдын алуунун 1 айлыгы өтүүдө. Бир айлыктын алкагында Бишкектин чоң базарларында ВИЧ-инфекцияга карата тестирлөө өтүүдө. Бүгүн, 21-ноябрда “Ош” базарында ВИЧ-инфекцияга карата тестирлөө өткөрүлөт.
Бул тууралуу Республикалык СПИД борбордун маалымат кызматы билдиришти.
Буга чейин 14-15-ноябрда “Мадина” базарында, 16-17-ноябрда “Аламүдүн”, 18-19-ноябрда “Орто-Сай” базарларында өттү.
Эми 22-23-ноябрда “Дордой” базарында өткөрүлөт.
Мындан сырткары, Ош облустук “СПИД” борбору кабарлагандай, бир айлык мезгил аралыгында Ош жана Кара-Суу шаарларында тестирлөө жүргүзүлөт.