Биз менен байланышыңыз

“Кыргызкөмүр” ишканасынын директорун сабап кетишти (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 1221 | 1

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевге кол салуу болду. Бул маалыматты мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү тастыктады. Маалыматта айтылгандай, 30-октябрда түнкү саат 12лер чамасында жетекчини белгисиз адамдар сабап кетишкен.

Ал машыгуу залынан чыгып келе жаткан учурда эки белгисиз адамдар ур-токмокко алышкан экен. Бактыга жараша, Канатбек Ашырбаев өзүн коргоого аракет кылган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы окуяга байланыштуу бүгүн журналисттерге маалымат жыйын өткөрөрүн билдирет.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    01.11.2019 18:52

    Жондон жон бироонун мышыгын бироо пыш дебейт. Анчалык токмок жегенине караганда, бироонун жолуна жолтоо болгон.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM