Биз менен байланышыңыз

Мамашева: Жашырды делген 5 компания тең киреше алып келбейт, жабылып жатат

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 819 | 0

«Болгон мүлктүн баары, беш компания тең декларацияда ачык көрсөтүлүп турат. Болгону декларацияда киреше кирбегендиги көрсөтүлгөн. Эң негизги нерсе,  бул компаниялар киреше алып келбейт, алар жабылуу процессинде». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева «Марал» радиосуна билдирди.

«Учурда аталган беш компаниянын экөөсү жабылды, үчөө кош негиздөөчүлүктүн негизинде түзүлүп, чет өлкөлүк жарандар да болгондуктан, жабылуу процесси татаал болуп, көп убакытка созулуп жатат. Ошондуктан декларацияда киреше нөл менен көрсөтүлгөн«, — деди эл өкүлү.

Буга чейин бир канча маалымат булактарында депутат Айсулуу Мамашева Кыргызстанда бир канча бизнеске ээлик кыла тургандыгы, өзү мыйзам чыгаруу палатасынын өкүлү катары мыйзамдарга толук баш ийүүсү керек болгон адам, өзүнүн жана туугандарынын мүлкүн декларациясында толук көрсөткөн эместиги айтылган болчу.

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкү боюнча декларациялык маалыматтардын базасы болгон declarator.politmer.kg порталы Мамашеванын беш фирмага кош негиздөөчүлүк жана жетекчилик кылгандыгын жазган.

Анда декларация боюнча Айсулуу Мамашева 2015-жылдан 2017-жылга чейин айына 17 миң сомдон 65 миң сомго чейин гана киреше тапкан.

2015-жылы 210.8 миң сом киреше, башкача айтканда айына болжол менен 17.5 миң сом киреше тапкан.

Мүлкү катары 219 чарчы метр болгон батири жана 166 чарчы метрден турган офиси көрсөтүлгөн. Жакын туугандарынын эч кандай мүлккө жана кирешеге ээлик кылбай турганы белгиленген.

2016-жылы эл өкүлүнүн кирешеси 634 миңге жогорулаган. Бул айына 53 миң сомдон киреше тапкан дегенди түшүндүрөт. Мүлкү жана туугандарынын кирешеси боюнча эски маалыматтар өзгөргөн эмес.

2017-жылы киреше булагы 783.5 миң сом болуп өсүп, жакын туугандары тарабынан ошол жылы 4 млн. 83 миң сом киреше табууга мүмкүнчүлүк болгону көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM