Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майды Кыргызстанга унаа менен ташууга убактылуу тыюу салынды

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 1905 | 0

Кыргызстанга күйүүчү майдын айрым түрлөрүн автоунаа менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай маалыматты Өкмөттөн кабарлашты.

Мындай чечим көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүнү чектөөгө багытталган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300-400 миң тоннаны түзөт. Өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майлар калктын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Орусиядан келет.

Экономика министрлиги Улутттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып,  2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 % же 12 млн сомду түзгөнүн маалымдады. Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8% же  5,3 млн сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкө ташылып келинген.

Copyright © 2017 Maral FM