Биз менен байланышыңыз

«Salam» байланыш оператору 2 айда 3 миң симкарта сатты

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 1636 | 0

«Salam» жаңы байланыш операторунун тармагында биринчи чалуу ушул жылдын 15-августунда жүргүзүлдү. 17-октябрга чейин «Мегакомдун» сатуу жана тейлөө кеңселеринде 18 316 симкарта сатыкка чыккан жана анын 3000и сатылды. Бул тууралуу аталган компаниянын PR менеджери Альбина Туратбекова «Марал» радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда «Salam» өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жатат, ошондой эле азыркы этапта аталган компания кардарлар менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүнүн, абоненттик базаны кеңейтүүнүн жана көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барууда.

«Компания банкрот болот деген маалымат туура эмес, андай болбойт жана болушу мүмкүн эмес. Анткени, «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун натыйжасында, компания акырындап өнүгүп баратат», — деди Туратбекова.

Эске салсак, «Salam» байланыш оператору мамлекеттик эки компаниянын «Альфа Телеком» Жабык акционердик коомунун жана «КТ Мобайл» Жоопкерчилиги чектелген коомунун өнөктөштүгүнүн натыйжасында ишке киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM