Биз менен байланышыңыз

Эрназар 2018-жылы: Кыргызстанга барсам, ишкердик кылам

Күн чекит | 17 мая 2019 | 1095 | 0

Премьер-министрдин бажасынын уулу экени ачыкталгандан кийин кызматтан кеткен Эрназар Иманкадыр уулу бир жыл мурда «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары кызматын аркалап калары оюна да келген эмес. Буга анын 2018-жылдын 13-февралында Limon.kg сайтына жарыяланган маеги далил. Анда ал дүйнөдөгү кыргыздар бирин-бири табууга жардам бере турган «KG Club» мобилдик тиркемесин түзгөнүн айтып берген.

«Европада жашоо кандай?» — деген суроого, «Сонун! Жашоо деңгээли өтө жогору. Зеригүүгө убакыт болбойт. Өзүңүзгө керектүүнүн баарын тапсаңыз болот, эң башкысы каалоо», — деп жооп берген.

Ошондой эле, ал Германияда таланттуу кыргызстандыктар көп экенин, эгерде баары адилеттүү болгондо, аз маяна болсо да, Мекенине кайтмагын кошумчалаган.

Ал эми, «Сиз качан кайтууну пландап жатасыз? Келсеңиз эмне менен алектенесиз?» — деген суроого, уулу 7ге чыкканча чечүү керектигин айтып, мындай деген:

«Албетте, кечке эле Skype, Whatsapp менен сүйлөшө бербей, ата-энемдин жанында жашагым келет. Эгерде жакшы жашоо түзүү мүмкүнчүлүгү болсо, эмнеге кайтпайын?.. Бара турган болсом, ишкерлик кылам. Бизде ачылгандардын баары Европадан келет эмеспи. Эң башкысы, бир нерсени үйрөнүп барып, аны ишке ашыруу»…

Кошумчалай кетсек, Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчиси болгон. Алган маянасы жана премьер-министрдин бажасынын уулу болгондугу талкууга түшүп, кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM