Биз менен байланышыңыз

Японияда тайфундан улам 4,3млн адам коопсуз жерге көчүрүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2019 | 594 | 0

Япониядагы Миэ, Токио, Сидзуока, Тиба жана Гумма шаарларында үй-жайын таштап коопсуз жерлерге чыга тургандардын жалпы саны 4,3 миллион адамга жетет. Бул туурасында РИА Новости NHK каналына шилтеме кылып маалымат таратты.

«Хагибис» аталышындагы тайфундун келтире турган кооптуулугу 19 деген номер менен бааланып, ал өмүргө коркунуч жарала тургандыгы боюнча белги экенин айтышат.

«Хагибис» тайфуну  түштүктөн чыгышты көздөй жылып келе жатат. Анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин болууда.

Жаратылыштын бул кубулушу Тынч океан жээктери менен өтөт. Мындай күч менен шамал  үй-жайды кыйратып, дарактарды түп-тамыры менен жулуп жана электр кубатын өткөргөн түркүктөрдү кыйратып кетери эскертилди.

Айта кетсек, учурда Токидо нөшөр төгүп, катуу шамал болуп жаткан чак. Аталган тайфун Япониянын борборуна чейин жетээри кабарланды. Шамалдын ылдамдыгы катууласа   секундасына 60 метрге жетет.

Destroyed houses, cars and power poles, which according to local media were believed to be caused by a tornado, are seen as Typhoon Hagibis approaches the Tokyo area in Ichihara, east of Tokyo, Japan, in this photo taken by Kyodo October 12, 2019.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM