Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры 16-октябрда драматург Абибилла Пазыловдун «Журт» аттуу пьесасын көрүчүүлөргө тартуулайт. Бул тууралуу аталган театрдын директору Орозбек Айдаров билдирди.
«Журт» спектаклинде чакан шаардагы тургундардын адеп-ахлактык жана психологиялык көйгөйү чагылдырылат», — деди Орозбек Айдаров.
Спектакль 19-октябрга чейин коюлат.