Биз менен байланышыңыз

2020-жылкы парламенттик шайлоого 1 млрд 200 млн сом бөлүнөт

Экономика | 27 Сен 2019 | 933 | 0

Элде бекер дарылануу деген түшүнүк жоголду. Буга жаңы реформа жасаш керек. Каражат сурап отура берүү оңой, бирок жыйынтык чыгаруу кыйын. Мындай пикирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  «2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатып айтты. Ошондой эле, Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүн элге туура маалымат жеткирүүгө да чакырды.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ошондой эле Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо тармагына, билим берүүгө реформа киргизүү керектигин айтты. Себеби, акыркы учурда ооруканага бекер жатып дарылануу түшүнүгү жоголуп баратат.

— Коомчулук көбүнчө билим берүүгө жана ооруканага барат. Анда талаптар көп болот. Бирок биз элге жетишерлик, тиешелүү шарттарды түзүп бере албай жатабыз. Реформа жок. Отуруп алып каражат суроо оңой, бирок жаңы багытта иштөө каралбай жаткандай. Эмне үчүн ооруканаларда бекер дарылануу системасы жоголуп баратат? Же ал жакка түшкөн акча каякка кетип жатат? Элдин кабары жок. Ошол нерселерди эске алып, бул багыт боюнча иш алып барсак жакшы болмок.

150дөй адам бекер гемодиализ алат

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дарыларды борборлоштуруу системасынын пилоттук режимине 35 млн сом сарпталганын билдирди. Бирок аталган тармак мындан дагы эффективдүү болуш үчүн бюджеттен каражат которуусун суранды.

— Биз гемодиализ боюнча да каражат үнөмдөдүк. Маселен, жыл башында 6000 сом кызмат көрсөтүүгө төлөнсө, бүгүнкү күндө бирдиктүү бир эреже жасап, 4700 сомго түшүрдүк. Мунун алкагында биз 150дөй адамды бекер гемодиализге киргиздик. Учурда бул боюнча суроо-талаптар абдан күчөп жатат. 5 күндө 10 адам жазылып коюуда. Мындан сырткары, бул тармакка 135 млн сомдой кошумча каражат керек.

Социалдык маселелерди чечүүгө 2020-жылга карата 1 млрд 306 млн сомго аз бөлүнүп жатат…

Ал арада Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров мамлекеттик казынадан 2020-жылга карата 1 млрд 306 млн сом аз бөлүнүп жатканын айтты. Бул жагдай министрликтин социалдык милдеттенмелерин аткаруусуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенине токтолду.

— Министрликтин бюджети 2017-жылга караганда 2018-жылы 113 % өсүш менен, 2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы 126,3 % өсүш менен кабыл алынган. Ал эми 2020-жылга 97 % менен кабыл алынып жатат. Биз сураган акчадан 1 млрд 306 млн сом аз берилүүдө. Азыр тактоо киргизип, 674 млн сом кошулду.

Министрдин бул өтүнүчүнө Өкмөт башчы: «Элге туура маалымат таратуу зарыл, министр социалдык маселени чечүүдө коркунуч бар деген сөздү колдонбошу керек», — деген жообун берди.

Дыйкандарга кредит берүүнү күчөтүү керек

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев быйыл кайра иштетүү тармагында жогорку көрсөткүч болоруна ишендирди. Муну менен катар, кайра иштетүүдө дыйкандарга колдоо керектигин жана аларга пайызсыз кредит берүү боюнча сунушун билдирди.

— Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү боюнча быйыл башка жылдарга салыштырмалуу көрсөткүчтөр жакшы болот. Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн ИДПга болгон үлүшү 15 %  гана болуп жатат. Бул — албетте, төмөн көрсөткүч. Бирок былтыр 102,7 % болгон болсо, быйыл 103 %дан кем болбойт. Биз айыл чарба тармагын реалдуу чарба катары көрүш үчүн дыйкандарга кредит берүүнү күчөтүшүбүз керек.

Абылгазиев: ИДП көлөмүнөн айыл чарбасынын үлүшү азайып жатат

2019-жылдын башынан бери инвестициянын көлөмү 394 млн АКШ долларын түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59%га көп. Премьер-министр бюджетке салык түшүрүү 11,5 пайызга көбөйтүлүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM